Өзгөндө 7 күн мурун үйүнөн чыгып кеткен 34 жаштагы келин изделүүдө

5-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 33

Ош облусунун Өзгөн районунда 34 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун 66 жаштагы тургуну Ш. К. 2022-жылы 28-июнда саат 08:00 чамасында 34 жаштагы келини Жаанбаева Бузуура Шакиржонова Шоро-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жолук, үстүндө жашыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, бутунда боз түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орто бойлуу, кара тору, кашы-көзү кара, чачы узун, кара түстө.

Эгерде изделип жаткан жаранды көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефондору: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 334323, 0504 445541.

5-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X