Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кабарлады. Тактап айтсак, Кыргызстандын жарандары үчүн Индиядагы «Дхарамшила Нараяна» адистештирилген ооруканада боор жана бөйрөктү алмаштыруу операциясынын наркы төмөндөтүлүшү мүмкүн. Бул боюнча атайын макулдашуу болгон. 28-январда Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Нью-Дели шаарындагы аталган госпиталдын түндүк аймагы боюнча директору Навниит Бали жана дарыгерлер менен жолугушкан. Тараптар тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн ушул жылы кыргыз жана индус медиктеринин иш сапарларын уюштуруу боюнча келишимге да кол коюшкан.