"Эркин-Тоо"

​БАК түрлөрүн даярдап саткан жер төлөдөгү цех аныкталды

Мыйзамсыз түрдө биологиялык активдүү кошулмаларды даярдаган цех табылды. Бул тууралуу  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) билдирди. Маалыматка караганда цех Бишкек шаарынын аймагындагы Дон кыска көчөсүндө жайгашкан. Анда тазалыкка каршы келген шартта жөнөкөй жол менен “омега 3-6-9”, “ түстүү ун”, “сейдана майы”, “оливка майы” жана башка продукциялар жасалып келген. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинде каралган (мыйзамсыз ишкердик ишмердүүлүк) кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!