"Эркин-Тоо"

​Бишкекте «Аялзат» кризистик борбору ишке кирди

Бишкекте  үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен, балдары бар аялдар үчүн биринчи муниципалдык борбор ачылды.
Мэрия  Кыргызстанда 17ге жакын кризистик борбор бар экендигин, алардын бардыгы өкмөттүк эмес уюмдар болуп жеке компаниялар тарабынан каржыланаарын кабарлады. Бул борбордо негизинен  психологиялык, юридикалык жана медициналык  жардамга муктаж айымдарга кеңеш берилет.  «Аялзат» борбору 60 орунга ылайыкташтырылган.  Анда кичинекей балдары бар энелерге жардам берилип, убактылуу баш калкалай алышат.  Борбор Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан каржыланат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!