"Эркин-Тоо"

​Кыргызстандагы бардык мектептерге дыйканчылык чарбасы уюштурулат

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мектеп окуучуларынын тамагынын сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Кыргызстандагы мектептерге караштуу дыйканчылык чарбаларын уюштуруу тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Кабыл алынган чечимге жараша мектептин карамагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектепке караштуу чарба түзүүгө укуктуу.
Мектептин айдоо жери жок болсо, директор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына чарбага ылайык жер бөлүп берүү арызы менен кайрыла алат.
Белгилесек, учурда республиканын 1485 мектебинде 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Бул үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен жылына болжол менен 500 млн сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын жакшы тамактануусуна жетпейт.
Мектепке караштуу чарбанын болушу окуучулардын айыл чарба продукциясын өндүрүүсүнө жана кайра иштетүүгө, мектеп ашканасындагы тамак-аштын кубатын арттырууга, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алууга, кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет.


tor -->

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!