№227 автобустун каттамы Каркыра көчөсүнө өзгөртүлдү

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136

Бишкекте №227 автобустун жүрүү багыты өзгөрдү. Эми каттам Тагай Бий көчөсүнүн ордуна Каркыра көчөсү аркылуу жүрөт.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, Тагай Бий көчөсүндө башка автобустар да каттагандыктан, №227 каттамын Каркыра көчөсүнө буруу чечими кабыл алынган.

Өзгөртүү Каркыра көчөсүнүн тургундарын коомдук транспорт менен камсыздап, жүргүнчүлөрдүн транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X