Шакиранын Бишкектеги концертине биринчи күндө 13 миңден ашык билет сатылды: сатып алуучулар 22 өлкөдөн
Бишкекте өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концертинин билеттерине суроо-талап жогору болууда. Биринчи күндүн жыйынтыгында 13 миңден ашык билет сатылып, жеткиликтүү билеттердин 30%га жакыны реализован болду.
Ошондой эле бардык Skybox орундар толугу менен сатылып кеткен. Чет өлкөлүк сатып алуучулардын арасында Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын жарандары алдыда турат. Жалпысынан билеттерди дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн сатып алышкан.
Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айтымында, мындай эл аралык иш-чаралар окуялык туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, чет элдик конокторду тартат жана жергиликтүү бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Шакира 2026-жылдын 18-октябрында Бишкек Аренада концерт берет. Эксклюзивдүү келишимге ылайык, ырчынын Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө концерти өткөрүлбөйт.