Кыргызстанда 65 жаштан улуу жарандар үчүн жаңы программа даярдалууда

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 357

Кыргызстанда улуу муундагы жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жаңы чаралар талкууланды. Өлкөдө 65 жаштан жогорку жарандар калктын болжол менен 6 пайызын түзөт.

Бул тууралуу 29-сентябрда өткөн ведомстволор аралык конференцияда айтылды. Анда карылык боюнча мамлекеттик саясаттын жыйынтыктары каралып, мындан аркы иштердин багыттары талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2030-жылга чейин Активдүү узак жашоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыкканы белгиленди.

Документте улуу муундагы адамдардын ден соолугун сактоо, жашоо сапатын жакшыртуу, коомдук жана эмгектик активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар каралган.

Ошондой эле гериатрия жана геронтология багыттарын өнүктүрүү, жеткиликтүү чөйрө түзүү жана улгайган жарандардын коомдук жашоого активдүү катышуусуна шарт түзүү сунушталууда.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 357
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X