Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады.
Жолугушууда министр Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформалары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүүгө, кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана педагогдордун квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Кендирбаева реформалар билим берүү системасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кадрларды даярдоого багытталганын белгиледи.
Өз кезегинде элчи Дэмчиг Тэгшжаргал эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы байланыштарын тереңдетүүгө жана кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.