Жакыпбек Субагожоев:Баатырдын баркын жетишкендиктер менен көкөлөтүүгө бүткүл мүмкүнчүлүгүбүз жумшалат
Субагожаев Жакыпбек Мойдунович киндик каны тамган Теңир Тоонун Ат-Башы районунда 7 жыл аким болуп иштеп, кышы катаал жеринин бардык кыйынчылыктарына чыдап, райондун экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүн көтөрүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшады. Такшалды, тажрыйбалуу жетекчилердин сап башына чыкты. Артынан жылуу сөздөр жаңырып, келечегине кең жол ачылды.
Түштүктүн Кара-Суу жана Ноокат райондорунда иштеп, акимдин кадыры жана баркы түптөлдү. Айтарлык салымдары, жасалган ийгиликтери илгериледи. Кайсы гана жердин тузун татпасын татыктуу эмгектенип, ошол эл, жердин сыйына арзып, белдүү жетишкендиктердин жемишин бекемдеди. Демек, жетекчилик жигери, интеллектуалдык бийиктиги, терең билими, бай тажрыйбасы Жакыпбек Мойдуновичтин тиреги!
Түндүк жана түштүк жерлеринде жигердүү иштеп, мына эми кут даарыган Сары-Өзөндүн Шопоков шаарына токтоду. Советтер Союзунун Баатыры эр панфиловчу Дүйшөнкул Шопоковдун ысымындагы жаш шаарды башкаруу албетте сыймык. Баатырдын ысымын алуу шаардыктардын демине дем, күчүнө күч кошууда. Шопоковдор эч качан артта калбашы керек. Себеби, баатыр баркын ийгиликтер менен коштоо башкы милдет.
Жакыпбек Мойдунович, шаарды өнүктүрүүдөгү негизги артыкчылыктуу багыттарга токтолуп кетсеңиз. Аракеттер натыйжасын бере баштадыбы?
— Шаардыктардын суроо, талаптары ар дайым көңүлүбүздүн борборунда. Демек, шаардыктардын жашоо-турмушун жакшыртуу эң башкы маселелердин бири. Андыктан биринчи кезекте коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу зарыл. Жолдорду оңдоо, куруу, айрыкча таза сууга болгон муктаждыктарды чечүү, канализацияларды жаңыртуу, көчөлөрдү жарыктандыруу эстен чыкпоого тийиш. Санитардык тазалык жана жашылдандыруу көйгөйлөрү да терең орун алган. Анткени, эл менен болгон жолугушууларда шаар калкы мына ушул маселелерди көтөрүштү.
Айталык, оорубузду жондон, жеңилибизди жерден алган коммуналдык чарбанын материалдык-техникалык базасын чыңдоону колго ала баштадык. Заманбап техникаларсыз оңдоо жана куруу иштери колдон келбейт. 2 даана Шакманды 79711 миң сомго, кран манипуляторду 4562,3 миң сомго, фронтальдык жүктөгүчтү 2854,8 миң сомго, сомосвалды 4526,9 миң сомго, дөңгөлөктүү экскваторду 11202,5 миң сомго, ошондой эле кызматтык Шевролет Трекер Премьер автомашиналарын 1945,0 миң сомго сатып алдык. Аталган заманбап техникаларга жалпы 33062,6 миң сом керектелди. Булардан тышкары 5 желмаян, 1 погрузчик, 1 манупулятор, 1 Хово техникалары алынды. 3 дөңгөлөктүү (муравей) самосвалы 555,0 сом болду. Бул айтылгандар чек эмес, заманбап техникаларды алууга мындан ары да аракеттерди жасай бермекчибиз. Албетте, кара күч менен алыс узай албайбыз.
Тазалыкка зарыл 45 даана бактарды жана 58 даана урналарды 1648,0 миң сомго алдык.
Жолдордун ойку, кайкы чуңкурларын оңдоо ыкчамдады. Бул багытта (686м,2), шагыл төшөлдү. (19320м2) аткарылды. Таза суу башаттары боюнча Мирный, Лондон, Ынтымак көчөлөрүндө 1374,5 сомдук жумуштар аягына чыкты. Ынтымак жаңы конушун жарыктандырууга 1264,6 миң сом каралды. Киров көчөсүндө скважинаны бургулоо иштери илгериледи, 230,0 миң сом жумшалды. К.Карасаев орто мектебинини башталгыч класстары үчүн жаңы ажаткана курулуп, айланасына брусчатка жаткырылды. Бул куруу иштерине 2954,9 миң сом жумшалды. Новостройка жаңы конушуна таштанды таштоочу чөнтөкчөлөр орнотулду. Чөнтөкчөлөргө 1350,5 миң сом жумшалды. Андан тышкары жаңы конуштун ички канализацияларын оңдоого 425,3 миң сом керектелди. Турганов, Победа, Киров көчөсүндө скважинаны иштетүү менен жаңы линиялар тартылды. Жасалган иштерге 1506,2 миң сом жумшалды. Насосторго болгон муктаждыктар боюнча айтсак шаарга 3 даана 973,5 миң сомго, Новостройка жаңы конушуна 1 даана 120,0 миң сомго коюлду. Суу башатында 1 даана 120,0 миң сомго, Киров көчөсүндө 1 даана 60,0 миң сомго, Лондон жаңы конушуна 2 даана 220,0 миң сомго коюлду. Дзержинский, Советская жана Футбольная көчөлөрүндөгү суу каналдарындагы тутумдарга 128,8 миң сомдук насостор орнотулду. Достук жана Восточная көчөлөрүнүн суу каналдары иштөөгө кошулду. Жалпы бул иштерге 550,8 миң сом сарпталды. Бир сөз менен айтканда шаардыктардын сууга болгон муктаждыктары жумшарууда. Мектептердин айланасын жана дааратканаларын оңдоого айрыкча басым жасалууда. Жаңы конуштардын ички суу тутумдарын жакшыртуу колго алынууда. Бир канча көчөлөрдүн таза суу жаатында жараттары четтеп, жакшыртылды.
Айтарлык жасалган иштерге токтолсок 4 скважинанын сааты чыкты. 7 кабаттуу үйлөргө насостор, 2 чакырым 500 метр суу трубалары орнотулду. 300 м2 чуңкурлар жасалды. Эскилиги жеткен обьектердин саатын чыгаруу оңой эмес. Бир жакшы жери жылыштар байкалууда.
Тазалык жана экологиялык көйгөйлөр чечиле баштады. Мына ушул жерден шаардыктарга кайрылып кетер элем. Тазалык өз эле колубузда. Туш тарапка ар кандай таштандыларды чачып басып кетүү туура эмес. Тарбия үйдөн башталат. Балдарды тазалыкка үндөйлү. Бейиштей жерде жашап жаткандыгыбызды жаштардын кулагына куялы. Айлана чөйрөнү көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Кайдыгерлигибизден таштандылар четтебей жатат. Шарт жарашты. Мисалы, 30 даана таштандыларды салуучу жай коюлду. 9 көчөнү жарыктандыра баштадык.
Учурда шаарыбыздын 4 чакырымга чукул жолу асфальтталып, айрым тилкелерди жамоо иштери уланууда. Ички көчөлөрдүн абалын да жакшыртуу жанданды. Биринчи кезекте калк көп пайдаланган, көп каттаган абалы начар социалдык обьектерге алып баруучу көчөлөргө көбүрөөк көңүл бура баштадык. Эл да ыраазы боло башташты.
Жашылдандыруу чыңдалууда. “Жашыл мурастын” алкагында көчөттөр олтургузулуп, айлана ажарланды. Айрыкча шаарды тазалоо мурда болуп көрбөгөндөй колго алынды. Мисалы, 70 тонна таштанды чыгарылды. Эгерде тазалыкка көңүл бурсак, мындан ары мынчалык таштандылар чыгарылбайт. Тазалыкты сактайлы.
Таза суу демекчи шаарыбызда 3 800 дөн ашык абонент суу менен камсыздалууда.
Жылуулук, электр энергиясына болгон муктаждык да эстен чыкпас. Бул багытта инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Мисалы, буу казандарын оңдоого 75 467 сом каралды.
— Кыраан кыргыздын “Аракет кылсаң берекет” деген ташка тамга баскандай таамай сөзү бар. Жаш шаар жаштардын шаары. Жаңы обьекттерди көбүрөөк ачууга басым жасап жатыпсыздар. Жарк эткен жаңылыктар ич жылытабы?
— Быйылкы жарым жылдык жемиштүү болду. Бир катар жаңы объектилер ачылды. Айталык, “NOMAD gamhe” аттуу компьютердик клуб, ошондой эле”Мини маркет”, “Эртат татлыжим” түрк шириндиктеринин дүкөнү, коомдук тамактануучу жайлар иштей башташты.
Мына ушул жаңы объектилерге инвестицияларды тартуу жемишин берди. Миллиондогон каржылар иштетилди.
Жаштардын сергек жашоосуна шарттар түзүлүүдө. Шаарда спорттук обьекттер, стадион жана кичи футбол аянтчалары бар. Мындан ары да аракеттер боло бермекчи. Ар кандай мелдештерге катышкан мыкты спортсмен балдарыбызга ар убак камкордук көрө бермекчибиз. Анткени, баатырдын ысымындагы мелдештер да такай болуп турат.
— Жаштар демекчи билим берүү жаатында абалыңыздар кандай?
— Жаңы окуу жылы башталды. Тилекке каршы шаарыбызга эки мектеп жетишсиз. Окуучулар кыйла жогору. Ошондуктан билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү жана жаңы окуу объекттерин куруу курч маселеге айланууда. Биз тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бул маселенин үстүндө иштешип жатабыз. Буйруса жакын арада бул маселе чечиле баштайт.
— Алдыдагы албан максаттарга да токтоло кетсеңиз?
— Инвесторлор үчүн шаардын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бош жерлерди иштетүү боюнча долбоорлорду бирге иштешмекчибиз. Биздин максат шаарга инвестиция алып келип, өндүрүштү баш, соода тармактарын төш кылып өнүктүрүүгө күчүбүздү жумшайбыз. Шаардыктар жаңы жумуш орундары менен да камсыз болуулары керек. Эң башкы маселелер сөз башында айтылды андыктан кайталабайын. Ошол башталып жаткан оңдоо жана куруу иштерин уланта бермекчибиз.
Аяктап калган келишимдерден балдардын ойноочу аянты 400 миң сомго курулууда. Коопсуздук боюнча зор роль ойногон видео камераларга 990,5 миң сом жумшалды. Футбольная көчөсүндө таштанды аянты 1256,8 миң сомго курулууда. Новостройка жаңы конушунда балдар спорттук аянтча салынууда. Ага 2060 миң сом каралды. ФАП жана Ынтымак жаңы конушунда ажатканалары жаңыртылып, айланалары тосулууда. Мындан тышкары келечек иштерден борбордук стадиондун футболдук аянтын жакшыртууга 2500 миң сом, Шопоков комбинатын жашылдандырууга 3424,6 сом сарпталат. Шаарды ар тараптан жакшыртуу чынында жакшыра баштады. Шаардыктардын талабын ар дайым аткарууга тийишпиз. Жол, таза суу, тазалык, экология, жашылдандыруу жана башка маселелер бир күндүк иш эмес, дайыма улануучу мээнет. Шаардын стеласын орнотуу да орундалат.
Кыргызстандыктар бардык тарабынан өнүгө баштады. Ага жакында болуп өткөн салтанаттар ачык күбө. Биздин бардык аракеттер элдин жыргалчылыгына арналат. Баатыр ысымындагы шаарыбыздын келечеги кең. Кут даарыган Сары-Өзөндүн кылымдык майрамы менен жалпы эле кыргыз элин куттуктаймын. Чүй облусунун 100 жылдыгын зор ийгиликтер менен тосуп алалы. Келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Айчүрөк Макешова