1-июлдан тарта Бишкектеги 8 автобустук каттам жаңы багыт менен жүрөт
Бишкек шаарында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында автобустук каттамдарды оптималдаштыруу иштери уланууда.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдардын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет.
Белгиленгендей, өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна ыңгайлуу транспорттук кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган.

Мэрия жарандарды сапарларын алдын ала пландаштырып, 1-июлдан тарта күчүнө кире турган жаңыланган автобустук каттамдарды эске алууга чакырды.
Эске салсак, акыркы мезгилде Бишкек шаарында коомдук транспорт системасын өркүндөтүү максатында бир катар автобустук каттамдардын схемалары кайра каралып, жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлүп келет.