1-июнда Ала-Тоо аянтынын айланасындагы көчөлөр жабылат
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чараларга байланыштуу 1-июнь күнү саат 16:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Тактап айтканда, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жана Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыгы убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдап, шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Мэрия жарандарга жол тыгындарын алдын алуу максатында каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду пайдаланууну сунуштады.