1-класска электрондук каттоо. Кыргызстанда 123 миңден ашык орун бош
Кыргызстанда мектептердин 1-классына кабыл алуу электрондук форматта уланууда. Бүгүнкү күнгө карата 192 миң 250 квота бөлүнүп, анын ичинен 68 миң 643 бала каттоодон өттү. Учурда дагы 123 миң 607 орун бош. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Гүлиза Көчөрбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мектепке кабыл алуу өлкөнүн бардык аймактарында электрондук система аркылуу жүргүзүлүүдө.
“Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо жети жылдан бери иштеп келет. Алгач пилоттук режимде башталып, кийин кадимки тартипке өткөн. Былтыр 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында 1 жана 2-класстарга кабыл алуу жүргүзүлсө, быйыл 1-класска гана кабыл алуу болууда”, — деди ал.
Маалыматка ылайык, кабыл алуунун биринчи этабы 1-апрелде башталган. Бул этапта ата-энелер балдарын туруктуу жашаган жери боюнча каттай алышат. Система жашаган дарекке ылайык мектепти автоматтык түрдө сунуштайт.
Ал эми экинчи этап 1-июнда башталат.