1-класска кабыл алуу. Өлкөдө 71 миңден ашык орун дагы эле бош

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы уланууда. Учурда өлкө боюнча мектептерде 71 миң 290 бош орун бар. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026–2027-окуу жылы үчүн жалпысынан 193 миң 318 орун каралган. Азыркы тапта 122 миң 28 бала мектепке кабыл алынып, кароодо турган арыздар калган жок.

Экинчи этапта ата-энелер бош орун бар каалаган мектепке баласын каттай алышат. Бул этапта жашаган дарек боюнча чектөө колдонулбайт.

Бишкек шаарында кыргыз тилдүү класстарда 1 миң 606, ал эми орус тилдүү класстарда 1 миң 223 бош орун бар.

Ош шаарында кыргыз тилдүү класстарда 2 миң 315, орус тилдүү класстарда 1 миң 114 жана өзбек тилдүү класстарда 657 бош орун сакталууда.

Эң көп бош орун Ош облусундагы кыргыз тилдүү класстарда – 13 миң 986 жана Жалал-Абад облусунда – 12 миң 928 орунду түзөт. Ал эми Чүй облусунда кыргыз тилдүү класстарда 7 миң 598, орус тилдүү класстарда 5 миң 873 бош орун бар.

Балдарды 1-класска каттоо 1mektep.edu.gov.kg сайты, «Түндүк», MegaPay тиркемеси жана системага туташкан башка банктык тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылы 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынууда.

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X