1-класска кабыл алуунун экинчи этабында 121 миңден ашуун бала катталды
Билим берүү тармагындагы электрондук каттоонун экинчи этабы уланууда. Бул этапта ата-энелер жашаган дарегине карабастан, бош орундар бар мектепти тандап, баласын 1-класска каттай алышат.
Учурда экинчи этаптын алкагында 121 миңден ашуун бала каттоодон өттү. Быйыл жалпы өлкө боюнча 1-класска кабыл алуу үчүн 193 318 квота каралган.
Ата-энелер балдарын мектепке онлайн каттай алышат. Өтүнмөлөр төмөнкү платформалар аркылуу кабыл алынууда:
— 1mektep.edu.gov.kg сайты;
— «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелери.
Белгилей кетсек, 2026-2027-окуу жылында 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.