1 млн көчөт, 2 миң гектардан ашык аянт: Кыргызстанда токойлор калыбына келтирилүүдө
Кыргызстанда токой экосистемаларын сактоо жана көбөйтүү боюнча иштер күчөтүлүп, жыл сайын республика боюнча 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын маалыматына ылайык, жыл сайын токойлорго 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, токой фондунун аймактарына 3 миң килограммга жакын үрөн себилет.
Мындан тышкары, токойлорду мыйзамсыз пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга каршы чаралар көрүлүп, жаратылышка жана токой ресурстарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Токой өрттөрүнүн алдын алуу үчүн токой чарбаларында атайын ыкчам өрт өчүрүү топтору түзүлүп, алар керектүү шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалууда. Өрттүн алдын алуу, коопсуздукту сактоо жана өрт чыккан учурда аны тез арада аныктап, өчүрүү боюнча профилактикалык иштер да үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Ошондой эле Кыргызстандагы токойлорду илдеттерден жана зыянкечтерден коргоодо экосистемага тийгизген таасир эске алынып, негизинен химиялык эмес, биологиялык ыкмалар колдонулууда. Бул ыкмалар токойдогу табигый тең салмактуулукту сактоого багытталган.