1 млрд сомдук мектеп: Ошто жаңы билим уясы эшигин ачты
Ош шаарында 1200 окуучуга ылайыкталган Салижан Жигитов атындагы орто мектеп пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине 6-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Ал мектептин ачылышы менен шаар тургундарын президент Садыр Жапаровдун жана өзүнүн атынан куттуктады.
Касымалиевдин айтымында, быйыл 10-апрелде президент Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна старт берген. Бүгүн алардын бири окуучулар үчүн эшигин ачты.
Мектептин курулушуна Турукташтыруу фондунан 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн. Имарат 1200 окуучуга ылайыкталган, ал эми эки нөөмөттө 2500 бала билим ала алат.
Жаңы мектепте окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, ашкана жана футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары бар. Долбоорду Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырган.
«Мунун өзү билимге, балдарыбыздын келечегине болгон камкордук биз үчүн приоритеттүү багыт экенин далилдеп турат», — деди Касымалиев.
Иш-чаранын соңунда ал мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, мектепте STEM билим берүү системасына өтүүнү камсыздоону тапшырды. Ошондой эле Ош шаарын Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиядагы алдыңкы билим берүү борборуна айлантуу зарылдыгын белгиледи.