1-октябрдан тарта пенсияны көбөйтүү пландалууда
Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинде август айынын башында 2021-жылдын соңуна чейин пенсияны жогорулатуу маселеси талкууланган. Ушул аптада тиешелүү токтом долбоорун Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга алып чыкты. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору менен пенсиянын базалык бөлүгүн 2020-жылдагы орточо эмгек акыга карата 110 пайызга индексациялоо (көбөйтүү) сунушталууда. Ошону менен бирге эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, пенсионердин жашоо минимуму 4785,4 сомду түздү.