10 млн сомдук “өлүм товарын” кимдер таратмак? УКМК үч адамды кармады
УКМК Кыргызстанда өзгөчө коркунучтуу синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Атайын операциянын жүрүшүндө топтун үч мүчөсү — 2000–2002-жылы туулган Кыргызстандын жарандары кармалды.
Алардын унаасын жана өздөрүн тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизат табылган. УКМКнын маалыматына караганда, алынган заттар 6–7 миң бир жолку дозага барабар.
Баңгизаттын көмүскө рыноктогу болжолдуу чекене баасы 10 млн сомдон ашат.
Учурда кармалгандардын башка шериктерин жана баңгизатты жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери уланууда.