100 миң конокко эсептелген этношаар. Кырчынга 500 боз үй тигилет
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата этношаар курулуп жатат. Анын аймагына 500 боз үй тигилет.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Этношаар 15 боз үй комплексинен турат. Анда Кыргызстандын жети облусу, Бишкек жана Ош шаарлары, ошондой эле коомдук уюмдар өздөрүнүн аянтчаларын жайгаштырат.
Долбоорго жалпысынан 250 млн сом каралган. Анын 200 млн сому мамлекеттен бөлүнсө, 50 млн сом Маданият министрлигинин бюджетинен каржыланат.
Кырчында канализация жана тазалоочу курулмалар салынып, 120 санитардык объект орнотулууда. Жайлоонун аймагы рекультивацияланып, бийик тоолуу шартка ылайыкташкан газон чөбү себилүүдө.
Кырчындагы негизги маданий иш-чаралар 2-сентябрда башталат. Программада «Кут Ордо», айтыш, сармерден, боз үйлөрдүн кароо-сынагы жана башка иш-чаралар бар.
Этношаар күнүнө 100 миңге чейин конок кабыл алууга ылайыкталат.