100 жаштагы Кимия энеге өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү
1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүндө Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Араван районунун Чек-Абад айыл аймагында жашаган 100 жаштагы Орозова Кимия энеден кабар алды.
Облус жетекчиси 1926-жылы туулган Кимия энени айтылуу майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана узак өмүр каалады.
Кимия эне өмүрүн үй-бүлөсүнө арнап, эки уулун тарбиялап өстүргөн. Балдарына татыктуу билим берип, алардын бири дарыгер, экинчиси мугалим болуп, бүгүнкү күндө элге кызмат кылып келишет.
Кадырлуу эне учурда 6 неберенин жана 27 чөбөрөнүн сүйүктүү чоң энеси. Ал урпактарынын курчоосунда, үй-бүлөсүнүн сый-урматын көрүп, бактылуу өмүр сүрүп келет.
Жолугушууда Аманкан Кенжебаев Кимия энеге балдарынын, неберелеринин жана чөбөрөлөрүнүн урмат-сыйын көрүп, үй-бүлөсүнүн төрүндө аман-эсен отуруусун тиледи.
Бүгүнкү күндө Ош облусунда 124 миң 757 улгайган жаран жашайт. Алардын 43ү 100 жаштан ашкан узак өмүрлүүлөр.
Улуу муун – элдин тарыхын, нарк-насилин жана турмуштук тажрыйбасын кийинки муундарга жеткирген баалуу мурас. Аларга кам көрүп, урмат көрсөтүү – коомдун маанилүү милдеттеринин бири.