100 жылдык тарых почта маркасында
Кыргызстандын биринчи музейи — М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгы почта маркасында да тарыхта калды.
Юбилейлик серияга музейдин тарыхына жана Михаил Васильевич Фрунзенин өмүр жолуна арналган тогуз марка кирди. Алардын бетинде Фрунзенин портрети, музейдин имараты жана маанилүү тарыхый окуялар чагылдырылган.
Өзгөчө белгилердин бири — музейдин «Элдер достугу» ордени менен сыйланышына арналган марка.
Юбилейге арналган сериянын бет ачары «Кыргыз почтасы» ААК менен биргеликте өттү. Иш-чарага Маданият министрлигинин, музейдин, почтанын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанатта куттуктоо сөздөрү айтылып, юбилейлик конверттерге биринчи мөөр басылды.
Бир кылымдык тарых эми музейдин дубалдарында гана эмес, почта маркаларында да жашай баштады.