11 жаштагы Асан Абдыгулов Чикагонун хоккей боюнча академиясына чакыруу алды
Асан Абдыгуловдун Team Illinois AAA Hockey академиясына чакырылганын Кыргызстандын хоккей Федерациясы билдирди. Ал карьерасын Бишкектеги «Алга» клубунда баштаган. Андан соң Санкт-Петербургдагы СКА клубуна кабыл алынып, мыкты чабуулчулардын катарын толуктап жүргөн.