12 миллион сомдук психотроптук заттар алынган. ИИМ кылмыштуу топту кармады

30-июнь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 125

«Канал-Янтарь жээги» аталышындагы баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири көлөмдөгү психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.Нет описания фото.

ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2005-жылы туулган А.М., 2004-жылы туулган М.К.А., 1985-жылы туулган Ц.А.В. жана 1998-жылы туулган Н.К.Н. аттуу жарандар кармалган. Алдын ала тергөөдө алардын дарыгердин тиешелүү рецептисиз көзөмөлдөнүүчү психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатып жүрүшкөнү аныкталган.Возможно, это изображение дверной коврик

Андан кийинки ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары 1972-жылы туулган Г.Т.Д. аттуу жаран аныкталды.Возможно, это изображение один или несколько человек, борода и текст "RAUI RAUID D"

Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда «П» препаратынын 8 551 даанасы, «Т» препаратынын 7 687 флакону, «Г» препаратынын 1 707 даанасы, ошондой эле кылмыштуу аракеттен түшкөн деп болжолдонгон 2 миллион 450 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып, алынган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, алынган психотроптук заттардын жалпы наркы болжол менен 12 миллион сомду түзөт.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "СБНОН МВД МВДКР КР ፖራ"

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X