12 жыл издөөгө алынган кылмышкер Түркиядан Кыргызстанга кайтарылды
Кыргызстандын укук коргоо органдарынын Түркия тарап менен биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 12 жылдан бери жашырынып жүргөн жаран кармалып, Кыргызстанга алып келинди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Стамбул шаарында кармалган 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран 2014-жылы Бишкек–Ош унаа жолунда болгон жаңжал учурунда адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталууда.
Тергөө материалдарына ылайык, 2014-жылдын февраль айында чыккан чыр-чатактын жүрүшүндө такси айдоочусу М.У. каза болгон. Кылмыштан кийин шектүү Кыргызстандан чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.
А.Ш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча (алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан адам өлтүрүү) өзгөчө оор кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
ИИМ белгилегендей, кылмышкерди кармоо эл аралык кызматташуунун, санариптик технологияларды жана маалымат алмашуу механизмдерин натыйжалуу пайдалануунун негизинде ишке ашты.
Акыркы жылдары Кыргызстандын укук коргоо органдарынын аракеттери менен чет мамлекеттерде жашырынып жүргөн, эл аралык издөөгө алынган бир катар адамдар кармалып, өлкөгө өткөрүлүп берилген. Алардын арасында Таиланд, Түркия, Франция, АКШ, Грузия, Азербайжан, Сербия, Кытай жана башка мамлекеттерде жүргөн жарандар бар.
Мындай иштер кылмыш жоопкерчилигинен качкан адамдарды табуу жана мыйзам алдында жоопко тартуу багытындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.