1210 аркылуу фермерлер насыя, лизинг жана айыл чарба багыттары боюнча маалымат ала алышат

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 185

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн 1210 бирдиктүү байланыш номери иштеп жатканын маалымдайт.

Аталган колл-борбор аркылуу жарандар мамлекеттик колдоо программалары тууралуу ыкчам маалымат алып, жеңилдетилген насыяларды алуу, субсидиялар жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңеш ала алышат.

Мындан тышкары, 1210 номери аркылуу ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт багыттары боюнча маалымат берилет.

Министрликтин маалыматына ылайык, байланыш борбору иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өлкөнүн бардык байланыш операторлорунан 1210 номерине чалуу акысыз.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X