127 долбоор ишке ашып, 18 миңден ашуун жаран колдоого ээ болду

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 176

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган 127 инфраструктуралык, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоор ишке ашырылды. Ага 3 643 үй-бүлө, же жалпысынан 18 285 жаран катышты.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) тарабынан биргелешип ишке ашырылууда.

Анын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун жана өсүмдүк майы түрүндө кошумча азык-түлүк жардам көрсөтүлүп, ошондой эле «Коомдук пайдалуу иштерге (окутууга) катышуунун ордуна азык-түлүк/накталай акча каражаттары» программасы аркылуу акчалай колдоо берилүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X