13-май Орозо Айт майрамы деп белгиленди

7-май, 2021-ж. / Редакция / Коом 353

Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты. “Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде 13-май Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн”,-делет маалыматта.

7-май, 2021-ж. / Редакция / Коом 353
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X