137 миң жаран президенттик шайлоодо биринчи жолу добуш берет

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105
Президенттик шайлоого 18 жашка толгон 137 миң жаран катышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
БШК төрагасы депутат Мирлан Жээнчороевдин биринчи ирет шайлоого катышкан жарандарга белек берүү сунушун карап чыгышарын айтты.
“Президенттик шайлоого 18 жашта толгон 137 миң жаран биринчи жолу катышат. Биз эсептеп көрдүк, эгерде аларга миң сомдук белек берсек, 137 млн сом кетет экен. Бирок биз сөзгө калабызбы деген ой да бар. Эгерде сиздер колдоп берсеңиздер, биз буга макулбуз. Бул маселени карап чыгалы”, — деди Шайназаров.
24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X