14-февралга карата аба ырайы

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 123

14-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жана жаан жаашы болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын аймактарында кар жаайт.

Тоолуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -2…+3°, күндүз +6…+11° болот. Таласта түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°. Ош жана Жалал-Абад өрөөндөрүндө күндүз +11…+16°ка чейин жылыйт. Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…+1° болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан менен кар, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге жетет.

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X