14-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу жок болот

13-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 35

Эртең, 14-октябрь күнү эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 21:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет бул токтотуу «Батыш-2» суу кампасы менен шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу экенин айтты.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Ала-Арча суусу — Темир жол линиясы — Жибек жолу проспектиси — Жаш гвардия бульвары;

Жаш гвардия бульвары — Темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси.

Мэрия үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерде суу болбой турганын эскертти.

Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырган.

13-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X