14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны көбөйүүдө
Мындай абал Казакстандын Нур-Султан шаарында түзүлдү. 14 жашка чейинки балдар арасында дарт жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйгөн.
Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады. Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары учурда кызыл зонада.