1400 соода орундугу бар “Жибек Жолу” базары ишин баштады
Кечээ Ош шаарынын борбордук базар аймагында жаңы “Жибек Жолу” базарынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы соода комплексинде жалпы 1400 соода орундугу даярдалып, ишкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Базардагы соода орундарын алгачкылардан болуп мурдагы “Келечек” базарында ижарада соода жүргүзүп келген ишкерлер ээлешти. Мындан тышкары, комплекстин аймагында дагы төрт ангар жайгашып, аларга Ош көчөсүндө иш алып барган килем жана эмерек сатуучулар көчүрүлдү. Ошондой эле Шейит-Дөбө аймагындагы курулуш материалдарын саткан базар да ушул жерге жайгаштырылды.
Жаңы базарда соода түйүндөрүнөн сырткары, калкка кызмат көрсөтүүчү бир катар объектилер да орун алган. Алардын катарында “Чыгдан”, “Төрт Казан” сыяктуу ири кафелер баш болгон 11ге жакын коомдук тамактануу жайлары, сулуулук салондору жана кийим-кече саткан дүкөндөр бар.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басарлары, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, жеке ишкерлер жана шаар тургундары катышты.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары Керим Турапов, Самара Каримова, Нурлан Насип жана Freeman 996 көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө лотерея ойнотулуп, катышуучулар арасында баалуу белектер жана автоунаа утуш катары коюлду.
Жаңы “Жибек Жолу” базары шаардагы соода-сатык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ишкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган ири долбоорлордун бири катары бааланууда.