16-февраль – Кумтөрдүн негизделген күнү

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 16-февраль –  Кумтөрдүн негизделген күнү экенин билдирип, буларга токтолду.

«Бүгүн, 16-февраль Кыргызстандагы эң ири алтын кени – Кумтөрдүн негизделген күнү. Тилекке каршы дээрлик 30 жылга жакын алтынды чет элдиктер иштетип, 410 тоннадан ашык алтын казып чыгарып кетишкен. Кыргызстанга калган пайданын көлөмү 1 тонна алтын.

Кумтөрдүн тагдыры – Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тагдыры менен абдан байланышкан. Ал, депутат кезинен баштап Кумтөрдүн алтыны элге калсын деген демилге менен чыгып, ал үчүн эң оор, адам чыдагыс куугунтуктарды, сыноолорду башынан өткөрдү. Акырында ошол үмүттөр ишке ашып, азыр Кумтөрдүн алтыны кыргыз элине кызмат кылууда».

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X