«17 жыл Сибирде түрмөдө отуруп да сынган жок»: Аскар Идрисовдун кыргыз тилине арналган өмүрү
Кыргыз тилинин илимин изилдеп, билим берүү тармагында эмгектенген окумуштуу-педагог Аскар Идрисовдун өмүр жолу — татаал доордо жашап, илимге кызмат кылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн бири. Филология илимдеринин кандидаты, доцент Аскар Идрисов жаштайынан билимге умтулуп, Ташкентте, Москвада, Ленинградда окуган. Кыргыз тилинин грамматикасы, фонетикасы, морфологиясы, синтаксиси, орфографиясы жана аны окутуунун методикасы боюнча эмгектерди жараткан. 1937-жылы саясий куугунтукка кабылып, 17 жыл Сибирде түрмөдө отурган. 1953-жылы толук акталып, мекенине кайтып келген соң кайрадан илим-билим тармагындагы ишин уланткан. Өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин билим берүү менен алектенген окумуштуунун аты бүгүн өзү туулуп-өскөн Манас районундагы Жайылган айылындагы мектепке берилген. Аскар Идрисовдун басып өткөн жолу, илимий эмгеги жана үй-бүлөдө калган элеси тууралуу анын тууганы Кубатбек Маматов менен маектештик.
— Кубатбек мырза, Аскар Идрисов сиздердин үй-бүлөдө кандай адам катары эскерилет? Адегенде анын тегине токтолсок.
— Аскар чоң ата биздин үй-бүлөнүн тарыхында өзгөчө орунда турат. Анын атасы — Идрис, чоң атасы — Искак. Андан ары Шарип, Меңдибай, Тыныбай деген ата-бабаларыбыз айтылат. Аскар чоң ата 1905-жылы ноябрь айында азыркы Манас районунун Жайылган айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө аны окумуштуу катары гана эмес, билимге умтулган, элге кызмат кылууну көздөгөн инсан катары айтып келебиз. — Ал кездеги айылдык шартты эске алганда, анын билим алышы да өзүнчө чоң жол экен да… — Ооба. Ал жаш кезинен сабат ачууга кызыгып, 1914–1915-жылдары жергиликтүү молдолордон окуган. 1916–1917-жылдары орус-тузем мектебинде билим алган. Кийин 1922–1924-жылдары Ташкентте окуусун уланткан. Ал убакта айылдан чыгып, башка шаардан билим алуу оңой болгон эмес. Бирок, Аскар чоң ата билимдин баркын эрте түшүнгөн окшойт. Окуусун бүткөндөн кийин да билим берүү жана мамлекеттик иштерде иштеп, тажрыйба топтогон. 1924-жылдан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинде бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген. 1925-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуган. Кийин Каракол округдук элге билим берүү бөлүмүн жетектеп, Фрунзедеги кыргыз атчандар дивизиясынын алдындагы окуу жайда да иштеген. — Илим жолуна түшүшүнө Ленинграддагы окуусу түрткү болгонбу? — Албетте, чоң таасир берген. 1932-жылы Ленинграддагы Тарых, философия жана тил институтун аяктаган. Андан кийин Кыргызстанда билим берүү тармагында иштеп, кыргыз тили боюнча илимий изилдөөлөргө киришкен. Кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты болуп, доценттик наам алган. Ошондон кийин анын эмгектеринин негизги багыты кыргыз тилин илимий жактан изилдөөгө жана аны мектепте окутуунун жолдорун өркүндөтүүгө багытталган. — Анын илимий мурасында кайсы багыттар өзгөчө орун алган? — Кыргыз тилинин фонетикасы, морфологиясы, синтаксиси, орфографиясы жана окутуу методикасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле алгачкы кыргыз окумуштууларынын бири катары ономастикага көңүл бурган. Жер-суу аттары, адам аттары сыяктуу аталыштарды изилдеген. Анын отузга жакын илимий макаласы болгон. Мындан тышкары мектеп мугалимдерине жана окуучуларга арналган методикалык эмгектери бар.
— Кайсы эмгектерин өзгөчө атап өтсө болот?
— 1–2-класстар үчүн «Грамматика жана жазуу эрежелери» аттуу эмгек жазган. Анын экинчи басылышы 1935-жылы чыккан. «Иш кагаздарын окутуунун методикасы» аттуу эмгеги да эки жолу жарык көргөн. Кийин «Программалык материалдарды 5-класста кайталоо» — 1959-жылы, «Фонетиканы окутуунун айрым маселелери» — 1961-жылы, «Фонетиканы окутуу жөнүндөгү китепке пикир» — 1969-жылы жарыяланган. «Окуу китеби жаңы талапка татыктуу болсун» деген макаласы да бар. Мындан тышкары 5–6-класстар үчүн кыргыз тили боюнча окуу китебинин кол жазмасын даярдап, сынакка берген. Бирок, ал китеп жарык көрбөй калган. Буга анын мурда соттолуп, сүргүндө болгондугу тоскоолдук кылган деген маалымат бар.
— Илимий иштери эми гана өнүгүп келе жаткан кезде 1937-жылдагы окуя анын тагдырын кескин өзгөрткөн экен.
— Ооба. 1937-жылы камакка алынып, саясий куугунтукка кабылган. Ошентип, илим менен билимге арнап жаткан жашоосу бир убакта үзгүлтүккө учураган. Ал жылдар анын өмүрүндөгү эң оор мезгил болуп калган. Бирок бул тууралуу сөз кылганда анын кийинки жашоосун да эске алуу керек. Анткени, ал башынан өткөргөн кыйынчылыктан кийин кайрадан өз ишине кайтып келген. — 1953-жылы акталып, мекенине келгенден кийинки жашоосу кандай уланган? — Кайтып келген соң кайрадан илим-билим тармагына аралашкан. Кыргыз илим-изилдөө педагогика институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Кийин Ош педагогикалык институтунун кыргыз тили кафедрасында доцент болуп эмгектенген. 1958–1965-жылдары ошол жерде иштеп, изилдөөлөрүн уланткан. Кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча эмгектерди жазып, жаш адистерге билим берген. Бул мезгилде мурда үзүлүп калган илимий иштерин кайра жандандырып, өзү топтогон тажрыйбасын кийинки муунга өткөрүүгө аракет кылган. — Андан кийин туулган жерине кайтып барып, мектепте иштегени да кызыктуу экен. — Ооба. 1965-жылы пенсияга чыгып, Жайылганга кайтып келген. Бирок, пенсия дегенди «иштен толук четтөө» деп түшүнгөн эмес. Айылдагы мектепте иштеп, балдарга билим берүүгө салым кошкон. Эмгеги бааланып, «Эл агартуунун отличниги» деген наамга татыган. Менимче, анын айылга кайтып барышы да өзгөчө маанилүү. Илимий даражасы, доценттик наамы бар экенине карабай, өмүрүнүн акыркы бөлүгүн туулган жериндеги мектеп менен байланыштырган.
— Үй-бүлөсүндө кандай адам болгон?
— Жубайынын аты Орунбүбү. Никита, Бектур аттуу уулдары, Роза, Зульфия, Гүлмира аттуу кыздары бар. Үй-бүлөдө анын аты көбүнчө эмгеги менен кошо эскерилет. Анткени, ал үчүн билим берүү жөн гана кесип эмес, жашоосунун маанилүү бөлүгү болгон.
— Аскар Идрисов 1980-жылы дүйнөдөн кайткан экен. — Ооба, 1980-жылы 75 жашында катуу оорудан кийин көз жумган. Анын өмүрүнө көз чаптырганда, көп нерсени көрүүгө болот: бала кезинен билимге умтулуу, илим жолуна түшүү, оор сыноолор, кайрадан эмгекке кайтуу, анан туулган айылында мугалим болуп иштөө. Эң негизгиси — кандай шартта болбосун билим берүү ишинен алыстаган эмес. — Бүгүн анын ысымы Жайылган айылындагы мектепке берилген. Бул үй-бүлө үчүн эмнени билдирет? — Албетте, биз үчүн чоң сыймык. Өзү туулуп-өскөн айылындагы мектепке анын ысымынын берилиши — эмгегинин унутулбай калганын билдирет. Мектепте анын аты аталып, окуучулар өмүр жолу менен таанышып жатканы жакшы көрүнүш. Анткени, тарыхта аты калган адамдарды эскерүү менен бирге алардын эмгегин да кийинки муунга жеткирүү керек.
— Аскар Идрисовдун өмүрүн бүгүнкү жаштарга кандай сабак катары айтар элеңиз?
— Менимче, анын өмүрүндөгү эң чоң сабак — билимге берилүү жана адамдын өз ишине берилгендиги. Ал жаш кезинен билим издеп, ошол жолдо чоң шаарларда окуп, илимдин босогосуна жеткен. Кийин тагдырдын оор сыноосуна туш болсо да, кайрадан өз кесибине кайтып келген. Аскар чоң ата кыргыз тилин изилдеп гана тим болбостон, аны кийинки муунга үйрөтүүнүн жолдорун да издеген. Ошондуктан анын эмгегин бир гана үй-бүлөлүк тарых катары эмес, кыргыз тилинин жана билим берүүнүн тарыхынын бир бөлүгү катары кароого болот. Аксак Темирдин «Өз уул-кыздарынын баркына жетпеген элдин өмүрү кыска болот» деген сөзү бар. Аскар чоң атанын өмүр жолун эстеп, эмгегин кийинки муунга жеткирүү – ошол баркка жетүүнүн бир жолу деп ойлойм.
Чынайым Кутманалиева