191 миңден ашуун балага «Бала ырысы» жөлөк пулу берилет

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 миң 796 балага дайындалганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 5-августта жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндөгү каражат каржыланды. Эми коммерциялык банктар акча каражаттарын алуучулардын жеке эсептерине которууну этап-этабы менен баштайт.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталган. Программа жаш балдарды колдоону күчөтүүгө жана үй-бүлөлөргө мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X