"Эркин-Тоо"

20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген «Альфа Телекомдун» мурдагы директору кармалды

«Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын билдирүүсүндө, «Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.

Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!