20 млн сомго бааланган бала бакча мамлекетке өттү
Ысык-Ата райондук прокуратурасы Уч-Эмчек айылындагы бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарууга жетишти. Объекттин жалпы баасы болжол менен 20 млн сомду түзөт.
Надзор органынын маалыматына караганда, текшерүү учурунда аталган бала бакча 1992-жылы мыйзам бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган. Бул имарат жана жер тилкеси Ысык-Ата районунун Уч-Эмчек айылында жайгашкан.
Прокурордук чаралар көрүлгөндөн кийин жалпы наркы 20 млн сомго жакын болгон кыймылсыз мүлк кайрадан мамлекеттин балансына кайтарылды.