"Эркин-Тоо"

2023-жылы билим берүү тармагына 49,9 млрд сом бөлүнөт

2023-жылы Билим берүү жана илим министрлигине 49,9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул былтыркы жылга салыштырмалуу салыштырмалуу 20,9 млрд сомго же 72,4%га көбөйдү.

Анын ичинен:

— бюджеттик сектордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу максатында мугалимдердин жана айрым категориядагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга 20,6 млрд сом;

— эмгек акыга квалификациялык категория үчүн үстөк акынын өлчөмүн жогорулатууга байланыштуу мугалимдерге квалификациялык категория ыйгарууга 193,9 млн сом;

— Баткен облусунун билим берүү мекемелеринин чыгашаларына, Баткен облусунун өзгөчө макамын эске алуу менен коммуналдык кызматтарга, тамак-аш, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, билим берүү мекемелерин утурумдук оңдоого 120,5 млн сом каралды;

— педагогикалык адистиктер боюнча билим алып жаткан жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин статусун жогорулатуу максатында стипендиялардын өлчөмүн көбөйтүүгө 45,6 млн сом.

Ошондой эле, 2023-жылга бекитилген бюджетте төмөнкү иш-чараларга каражаттар каралган:

— жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга 152 млн сом, анын ичинен Брайль арибинде окуу китептерин басып чыгарууга 3 млн сом;

— жалпы билим берүүчү мектептерди учурдагы оңдоого 90,6 млн сом, анын ичинен жетим балдар үчүн интернаттарды оңдоого 5 млн сом каралган;

— Евросоюздун траншын берүүнүн шарттарынын бири болгон билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүү жана киргизүү үчүн компьютерлерди сатып алууга 67,2 млн сом;

— жалпы билим берүүчү мектептер жана мектеп-интернаттар үчүн эмеректерди сатып алууга 50 млн сом, анын ичинен 14,3 млн сом интернаттарга;

— орто мектептерди интернетке туташтыруу үчүн 47 млн ​​сом абоненттик төлөм;

— мектеп окуучуларынын эл аралык, республикалык олимпиадаларына, КР президентинин атынан «Алтын тамга», «Жаңы жылдык балаты» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөөгө, «Жылдын мыкты мугалими», «Манас таануу» телесынагына атайын эсептин каражаттарынан окуунун контракттык формасынан ЖОЖдордун жана колледждердин студенттеринен каражаттардын түшүүсүнүн болжолдонгон көбөйүшүнө байланыштуу 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 284,4 млн сомго көбөйүү менен каралган.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин 2023-жылга карата чыгашалары 2,1 млн сом суммасында каралган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!