2024-жылга карата Монголия мунайзаттардын 55%ын өзү өндүрөт

31-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 15

2024-жылга карата Монголия мунайзаттардын 55%ын өзү өндүрөт. Тоо-кен жана оор өнөр жай министрлигинин маалыматтарына караганда учурда ички керектөө 1,95 миллион тоннага жетүүдө. Мындай суроо-талапты канааттандыруу үчүн өлкө жылына 1 миллиард долларга жакын каражатты мунай заттарын импортоого сарптайт. 2024-жылга чейин ички керектөө 2,5 миллион тоннага чейин өсөт.

Учурда Дорноговь аймагынын Алтынширээ сомонунда жылына 1,5 миллион тонна мунай иштетүүчү завод курулууда.

31-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X