2026-жылдын 1-июлунан тартып Россияга кирүүдө жаңы эрежелер күчүнө кирет

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 266

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына визасыз тартипте кирүүнү пландаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет. Бул тууралуу тиешелүү расмий маалыматтарда белгиленди.

Жаңы тартипке ылайык, 6 жашка чейинки балдардан башка бардык жарандар Россияга кирүүдөн 72 саат мурун “RuID” мобилдик тиркемеси аркылуу алдын ала арыз берүүгө милдеттүү болот. Ал эми өзгөчө кырдаалдарда — мисалы, шашылыш дарылануу же жакын туугандын каза болушу сыяктуу учурларда — арызды 4 саат мурун берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Арыз берүүдө төмөнкү маалыматтар талап кылынат:

  • паспорттук маалыматтар;
  • сүрөт жана үн жаздыруу;
  • кирүү күнү;
  • сапардын максаты;
  • жүрүү мөөнөтү;
  • Россия Федерациясынын аймагында болуучу жер.

Жашы жете элек жана аракетке жөндөмсүз жарандардын атынан арызды алардын мыйзамдуу өкүлдөрү — ата-энеси же камкорчулары — тапшырат.

Эмгек ишмердүүлүгү же окуу максатында барган жарандар үчүн сапардын максаты “RuID” тиркемеси аркылуу милдеттүү түрдө тастыкталат.

Ошондой эле эл аралык каттамдарды аткарган айдоочулар үчүн өзүнчө тартип белгиленген. Алар арыз берген учурда Россияда жыл ичинде 180 суткага чейин жүрө алышат, ал эми арыз берилбесе — 90 суткадан ашпоого тийиш.

Арызга кошумча документтер да тиркелет: паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, ал эми жүк ташуучулар үчүн — товардык-транспорттук документтер, автобустар үчүн — маршруттук барак же жүргүнчүлөрдүн тизмеси.

Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылса болот. Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, корп. 5 (метро Полянка). Байланыш телефондору: +7 996 968 98 97, +7 925 030 26 27.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X