2026-жылкы Дүйнө чемпиондугундагы эң жаш жана эң улуу оюнчулар белгилүү болду
ФИФА 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган 48 команданын курамын жарыялады. Турнирде жалпысынан 1248 оюнчу күч сынашат.
Алардын 891и дүйнөлүк биринчиликке алгачкы жолу катышса, 357 футболчу мурдагы чемпионаттарда ойногон тажрыйбалуу оюнчулар болуп саналат.
Турнирдин өзгөчөлүгү катары Кабо-Верде, Кюрасао, Иордания жана Өзбекстан курама командалары тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна катышмакчы.
Ошондой эле Лионель Месси, Криштиану Роналду жана Гильермо Очоа алтынчы ирет дүйнөлүк чемпионатта ойноого даярданышууда.
ФИФАнын маалыматына ылайык, командалар оюн башталганга чейин 24 саат мурда жаракат алган же ооруп калган футболчуну алмаштыра алышат.