2026-жылкы ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Эки бүтүрүүчү 239 балл топтоду

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Билим 978
Кыргызстанда 2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, быйыл эң жогорку көрсөткүчкө эки бүтүрүүчү жетишип, ар бири 239 балл топтогон. Алар Нарын облусундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева жана Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова болду.

Ошондой эле быйыл республика боюнча 55 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” татыды. Бул сертификат жогорку окуу жайларга кабыл алууда бир катар артыкчылыктарды берет.

Жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөрдүн арасында төмөнкүлөр бар:

  • Айдай Абылаева — 239 балл (Нарын облусу, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби);
  • Сезимай Акматова — 239 балл (Баткен облустук мектеп-гимназия интернаты);
  • Беназир Бактыбекова — 236 балл (Бишкек шаары, «Брайт» эл аралык мектеби);
  • Акмат Бердибеков — 236 балл (Чүй облусу, Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү мектеби);
  • Иса Мамытов — 236 балл (Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи);
  • Айлин Салимбекова — 236 балл («Прайм Спектрум» мектеп-комплекси, Бишкек шаары).

Жалпы республикалык тестирлөө өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлин аныктоонун жана жогорку окуу жайларга кабыл алуунун негизги механизми болуп саналат. Быйылкы жыйынтыкта өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чыккан бүтүрүүчүлөр эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X