2026-жылы 2 186 айыл чарба техникасы лизингге берилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөрдү заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо иштерин ырааттуу улантууда.
2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу жана министрликтин демилгеси менен «А Банк» жана «Элдик Банк» ААКлары аркылуу мамлекеттик лизингдин 7 долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып келет.
Долбоордун алкагында дыйкандар менен фермерлерге айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар 6 пайыздык жылдык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге сунушталууда.
Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик лизинг программаларынын алкагында жалпы суммасы 24,8 млрд сомду түзгөн 11 986 даана айыл чарба техникасы айылдык товар өндүрүүчүлөргө өткөрүлүп берилди.
Ал эми 2026-жылдын башынан бери эле 6,7 млрд сомго 2 186 даана заманбап техника лизинг аркылуу дыйкандардын пайдалануусуна тапшырылды.
Министрлик айыл чарбасын техникалык жактан жаңылоо багытындагы иштерди мындан ары да улантып, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана агрардык сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө басым жасайт.