2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгышы керек
2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгышы керек.
Мындай пикирин БУУнун Жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгышы көп көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачат.
«Бул маселе орчундуу. Мисалы, Бангладеш демографиялык саясатты жүргүзүү боюнча үчүнчү этапты аткарып жатат. Территориясы чакан болгонуна карабастан дүйнөдө калкы көп өлкөлөрдүн катарында 8-орунда турат. Ага байланыштуу тамак-аш жетишпестиги болорун да болжоп жатышат. Көйгөйдү чечүү үчүн төрөттү азайтып, энелердин жана балдардын ден соолугуна басым жасаган. Үчүнчү этабында жаштардын потенциалын туура колдонуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Демек, бул маселеге абдан маани берип, мамлекеттик деңгээлде каралышы абзел», — деди Кайназаров Спутник радиосунда маек берип жатып.