209 миңден ашуун жаран өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35

Кыргызстанда 6-мартка карата 209 миң 296 жаран Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу өзүнүн атына насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган.

“Өзүнө-өзү тыюу салуу” кызматы жарандарга каржы-насыялык уюмдарда өз атына насыя же займ жол-жоболоштурууну ыктыярдуу түрдө чектөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул ыкма уурдалган же жасалма маалыматтарды колдонуу менен башка бирөөнүн атына насыя алуу учурларынын алдын алууга жардам берет.

Жарандар бул кызматты каалаган убакта акысыз пайдаланып, тиркеме аркылуу тыюу салып же аны кайра алып сала алышат.

Кыргызстанда учурда Ишеним кредиттик-маалыматтык бюросу жана СЭС кредиттик-маалыматтык бюросу иштейт. Насыя берүүдөн мурда каржы-кредиттик уюмдар ушул системалар аркылуу жаранга коюлган чектөөнү текшерүүгө милдеттүү.

Эгер жаранга коюлган тыюуга карабастан насыя берилсе, мындай келишим жараксыз деп табылып, жаран аны төлөөгө милдеттүү болбойт.

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X