21 медресенин угуучулары үчүн жайкы лагерь уюштурулду

25-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 25

Ушул жылдын 23-августунан 28-августуна чейин Ысык-Көлдө медреселер үчүн «Ден соолуктун негиздери» пилоттук курсунун алкагында 21 медресенин угуучулары үчүн жайкы лагерь уюштурулду.

Жайкы лагерди уюштуруучулар – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси.

Жайкы лагерге бардык облустардан келген медресенин мугалимдери жана угуучулары катышууда. Бул курс ден соолуктун негиздерин, туура тамактанууну, сергек жашоо образын, зомбулуктун алдын алууну камтыйт.

Жайкы лагердин программасы толеранттуулукту, бири-бирин сыйлоону жана «Ден соолуктун негиздери» курсуна ылайык практикалык сабактарды өткөрүүгө багытталган.
Сабактар менен бирге жайкы лагердин катышуучулары көлдө эс алууга, башка региондордон келген курдаштары менен достошууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул курс БУУнун ЮНФПА агенттигинин техникалык колдоосу менен пилоттук түрдө иштелип чыккан.

25-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X