25 атайын техника Бишкек көчөлөрүн салкындатуу иштерине тартылды

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153

Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы көчөлөрдү нымдаштыруу жана абаны сергитүү иштерин күчөттү.

Иш-чаранын алкагында 25 атайын техника тартылып, шаар көчөлөрүнө муздак суу чачылууда. Бул ыкма жасалма фонтан эффектин жаратып, айланадагы абанын нымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Адистердин айтымында, жолдорго суу чачуу асфальттын ысып кетишин азайтып, абадагы чаңдын көлөмүн төмөндөтөт. Ошондой эле бул иштер ысык күндөрдө шаар тургундары үчүн көчөдө жүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүүгө жардам берет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X