25-августтан 10-сентябрга чейин кайда эс алса болот? Мэрия сунуштарды жарыялады
Бишкек мэриясы шаар тургундары жана коноктору үчүн эс алуу күндөрүндө саякатка чыгууга боло турган багыттарды сунуштады.
25-августтан 10-сентябрга чейин туроператорлор бир күндүк саякаттардан тартып, Кыргызстан боюнча көп күндүк турларга чейин уюштурушат.
Сунуштардын арасында Сары-Челек, Соң-Көл, Көл-Суу, Ысык-Көл, Алтын-Арашан, Көл-Төр жана Ала-Арча сыяктуу популярдуу багыттар бар.
Мисалы, Sunrise Travel компаниясы ушул жерлерге турларды уюштурат. Компаниянын турун брондогондо BISHKEK-VIK промокоду менен арзандатуу алууга болот.
Мындан тышкары, мэрия Pro Travel, Askunai Tour, Fun Travells, Kapriz Travel, PEGAS Trip, Di Travel kg, Kyrgyzworld, Nomad spirit жана Trekkingunion.kg компанияларынын сунуштары менен таанышууну сунуштады.
Жаңы окуу жылы 15-сентябрда баштала тургандыктан, мэрия эс алуу күндөрүн үй-бүлө жана достор менен пайдалуу өткөрүп, Кыргызстанды кыдырып келүүгө чакырды.