25 өлкөнүн журналисттери “Ала-Тоо Резорт” долбоору менен таанышты
2026-жылдын 29-июлунда Шанхай кызматташтык уюмунун ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун саммитинин алкагында «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилдүү тоо кластери жана «Жыргалаң» тоо-лыжа курортунда эл аралык медиа-тур уюштурулду.
Иш-чарага 25 өлкөдөн келген журналисттер катышып, Кыргызстандын ири туристтик долбоорлорунун бири болгон «Ала-Тоо Резорттун» курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышты.
Медиа-турдун жүрүшүндө «Ала-Тоо Резорт» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов долбоордун стратегиялык мааниси, анын өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүдөгү ролу жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Катышуучуларга долбоордун учурдагы ишке ашыруу этаптары жана өнүгүү пландары боюнча презентация жана видеоматериал көрсөтүлдү. Андан соң журналисттер жаңы асма аркан жолу аркылуу саякат жасап, курулуп жаткан курорттун негизги инфраструктуралык объектилерин көрүп чыгышты.
Эл аралык медиа-тур Кыргызстандын туристтик потенциалын дүйнөлүк аудиторияга таанытууга, ошондой эле «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлүк маалымат каражаттары аркылуу жайылтууга багытталган маанилүү иш-чара болду.